2028-жылга чейин Кыргызстандагы электрондук коммерциянын ЖМПга берүүчү салымы 13% деңгээлде чамаланууда
2025-жылга карата негизги иш багыттары:
- иш-чаралар жана көргөзмөлөр: электрондук соода инструменттерин илгерилетүү үчүн жаңы бизнес жолугушууларды уюштуруп, E-Commerce EXPO өткөрүү;
- нормативдик база: мыйзам чыгарууну жакшыртуу, e-commerce тармагы үчүн ыңгайлуу шарттарды жана атайын режимди түзүү;
- билим берүү: калк ичинде талап кылынган жөндөмдөрдү өстүрүү максатында Ustat.kg платформасындагы окутуу программаларын кеңейтүү;
- халыкаралык кызматташтык: Өзбекстан, Кытай жана АКШга бизнес турларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын баштоо;
- логистика: Экономика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Электрондук соода паркын түзүү боюнча мыйзамды иштеп чыгуу;
- стратегия: Кыргызстанда жана Борбордук Азияда e-commerce өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегия түзүү сессиясын өткөрүү.
Электрондук коммерция ассоциациясынын сүрөтү.
Ассоциациянын төрагасы Айбек Куренкеевдин айтымында, "Жылдык жыйын өнөктөштөр менен кызматташтыкта келечектеги кадамдарды пландаштурууда маанилүү платформага айланды. Кыргызстанда электрондук коммерциянын өсүшү үчүн чоң потенциал бар экенин көрүп турабыз жана жаңы бийиктиктерге жетиш үчүн биз менен мамлекеттин күчтөрүн бириктирүүгө даярбыз".
Обсудим?
Смотрите также: