РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Нацстаткомдо кварталдык улуттук эсептерди иштеп чыгуу талкууланды
Экономика

Нацстаткомдо кварталдык улуттук эсептерди иштеп чыгуу талкууланды

340
- Нацстаткомдо өткөрүлгөн жолугушууда комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Эл аралык валюталык фондунун Региондук өнүктүрүү борборунун реалдуу сектор боюнча кеңешчиси Леван Гогоберишвили менен кварталдык улуттук эсептерди иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолугушууда негизги көңүл кварталдык улуттук эсептерди эсептөө жана ички жалпы продукциянын (ИЖП) көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртууга бөлүндü.

Комитеттин маалыматына ылайык, «Гогоберишвилинин Кыргызстандагы миссиясы кварталдык улуттук эсептерди иштеп чыгууга консультация берип, колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул өлкөнүн экономикалык абалын талдоону жакшыртат жана статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатат».
Гогоберишвили Нацстатком менен кызматташуунун маанисин белгилеп, продуктуларга салыктар боюнча физикалык көлөмдүн индексин эсептөдө оң натыйжаларды баса белгиледи, бул ИЖПнын өсүшүнө шарт түздү.

Тараптар улуттук статистиканы мындан ары өнүктүрүүнүн жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн, Кыргызстандагы экономикалык процессерди так болжай жана анализдөө үчүн зарылдыгын талкуулашты.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК