Кыргызстанда марттын башында 131,3 километр ички каналдар тазаланды
Берилген маалыматка ылайык, пландарда 500 километр ички каналдарды жана 272 километр коллектор-канализация тармагын тазалоо каралган. Андан тышкары, 755 гидротехникалык курулмаларды, 200 гидрометриялык станцияларды, 91 насостук станцияларды жана 156 насостук агрегаттарды ремонттоо пландаштырылууда. Мындан тышкары, 40 насостук агрегатты калыбына келтирүү жана модернизациялоо иштери жүргүзүлөт.
Мамлекеттик суу ресурстарына байланыштуу обьектилерди оңдоо жана тазалоо боюнча негизги иштер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 10-апрелге чейин, Чүй жана Талас облустарында 1-майга чейин, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10-майга чейин аяктоого тийиш.
Обсудим?
Смотрите также: