Жалал-Абад шаарында эт саткандарга бааны жогорулакылык кылбоо боюнча эскертүү берилди
Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле эт соодагерлер катышышты.
Шаар башчы Эрнисбек Ормоков катышуучуларды эттин баасын негизсиз жогорулатпоо зарылдыгын эскертип, бааларды төмөндөтүү жолдорун талкуулоону сунуштады.
Ал, элге эт жеткиликтүү болушу үчүн борбордук базарда акысыз ижара менен атайын дүкөн ачыла турганын билдирди, ал дүкөндү арзандатылган бааларда соода кылууга даяр ишкерлер пайдаланууга алат.
Февралдын башында эттин баасы 700 сомго жеткен, андан соң мэрия тиешелүү кызматтарына кырдаалды чечүүнү тапшырган. Натыйжада түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө учурда, жылкы этинин баасы килограммы 550 сом, ал эми сиыр жана кой эттери 650 сомду түзүүдө.
Обсудим?
Смотрите также: