РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Депутаттар Ош шаарунун бюджетин бекитти
Экономика

Депутаттар Ош шаарунун бюджетин бекитти

277
Ош шаардык кеңешинин жыйынында, 27-февралда шаар бюджетин кабыл алынды.

49 депутат «колдоду» деп добуш берди, жана эч ким нааразычылык билдирген жок.

Ош шаарындагы бюджеттин жалпы көлөмү ушул жылы 3 млрд 425 млн 313 миң сом түзөт.
______________

Turmush буга чейин кабыл алган, сунушталган долбоор боюнча, 2025-жылдын бюджетинин кирешеси (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 3,425 млрд сомду түзөт, бул 2024-жылдагы бюджеттен 414,4 млн сомго (же 13,8%) көп.

Негизги каржылоо багыттары төмөнкүлөр:

Коммуналдык инфраструктура жана шаардык ишканалар:

- жеңилдик алгандар үчүн жол акысына субсидиялар (Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы) – 80 млн сом;

- «Ошасфальтсервис» муниципалдык мекемесинин ишин каржылоого - 4 млн 391 миң сом, «титулдук лист» - 350 млн сом;

- Ош шаарынын мэриясына караштуу «Агроөнөржай» муниципалдык ишканасы — 6 млн 73 миң сом;

- «Цифралдык Ош» муниципалдык ишканасы - 18 млн сом;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары - 2 млн 750 миң сом;

- турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр — 952 млн 704 миң сом;

- Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишкана — 220 млн 36 миң сом;

- «Ошсвет» муниципалдык ишканасы - 107 млн 739 миң сом;

- жарандарды тейлөө бюросу — 14 млн 532 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы - 24 млн 154 миң сом;

- «титулдук лист» боюнча муниципалдык менчикти башкаруу — 151 млн 700 миң сом;

- «титулдук лист» боюнча капиталдык курулуш башкармасы — 431 млн 500 миң сом.

Дем алыш, спорт жана маданият тармагында финансылык колдоо:

- маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу — 48 млн 650 миң сом;

- Ош шаардык борбордук китепкана — 11 млн 930 миң сом;

- маданий борборлорду каржылоого — 2 млн 473 миң сом;

- А.Суюмбаев атындагы борбордук стадион жана «Алай» футбол клубуна субсидия - 115 млн сом;

- «Ош шамы» гезитине колдоо - 3 млн сом;

- «ОшТВ» телеканалына колдоо - 2 млн сом;

- Ош шаардык спорт медицина жана реабилитация борбору — 4 млн 533 миң сом;

- фольклордук-эстрадалык группалар — 15 млн 476 миң сом;

- маданият башкармасы жана спорт комитетинин аппараты — 26 млн 896 миң сом;

- Ош шаарындагы билим берүү сектору — 938 млн 770 миң сом;

- социалдык коргоо — 30 млн 547 миң сом.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК