РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » 2024-жылы бюджеттин салыктан тышкары кирешелеринин өсүшүнө 2023-жылдагы НБКРнин 100% пайдасын которуу таасир этти, - ЕФСР 
Экономика

2024-жылы бюджеттин салыктан тышкары кирешелеринин өсүшүнө 2023-жылдагы НБКРнин 100% пайдасын которуу таасир этти, - ЕФСР 

470
- Кыргызстанда 2024-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин кичи жана орто компаниялардын аркасында бирдиктүү салыктык кирешелердин өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Евразия стабилизациялоо жана өнүктүрүү фонду (ЕФСР, 2025) маалымдаган.

Фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи тогуз айында импорттон алынган КНС жыйымдары 0,9 проценттик пунктка төмдөндөп, ИДПнын 9,2% түзгөн, ал эми салыктан тышкары кирешелер 0,5 проценттик пунктка жогорулап, ИДПнын 8,2% жеткен.

Докладдын авторлору мындай өсүүнүн негизги себебин 2023-жылдагы НБКРнин 100% пайдасынын мамлекеттик бюджетке которулушу катары белгилешип, ошондой эле мамлекеттик ишканалардан алынган дивиденддер күтүлгөн көрсөткүчтөрдү ашып өткөнүн билдиришкен.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК