РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Нацстаткомдо негизги инвестор өлкөлөр тууралуу маалымат берилди, Кыргызстанга $872,6 млн инвестиция келип түштү
Экономика

Нацстаткомдо негизги инвестор өлкөлөр тууралуу маалымат берилди, Кыргызстанга $872,6 млн инвестиция келип түштү

102
- 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга келип жаткан чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү $872 млн 631,3 миңди түздү, деп билдирди 2025-жылдын 15-апрель күнү Улуттук статистика комитетинин инвестициялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова. Бул маалымат республикадагы социалдык-экономикалык абалга арналган пресс-конференциянын алкагында айтылды.

2023-жылы келген түздөн-түз чет элдик инвестициянын көлөмү $844 млн 895,7 миңди түздү.

Бирюкова кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылы негизги инвестор өлкөлөр, жалпы түшүмдүн 80%ын камсыз кылган өлкөлөр: Кытай (23,9%), Россия (22,7%), Түркия (10,2%), Люксембург (8,8%), Казахстан (5,7%), Нидерланд (4,9%), Азербайжан (3,4%), калган өлкөлөр 20,4%ды түздү.

Ал 2023-жылга салыштырмалуу Азербайжан, Люксембург, Германия, Түркия, Нидерланд жана Россиядан келип жаткан түздөн-түз чет элдик инвестициянын агымы көбөйгөнүн, ал эми Улуу Британия, БАӘ, Казахстан жана Кытайдан кыскарганын белгиледи.

2023-2024-жылдары экономикага келген почти бардык түздөн-түз чет элдик инвестициялар Бишкек шаарындагы жана Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарындагы ишканаларга багытталганын В. Бирюкова өз сөзүн жыйынтыктады.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК