Кыргызстан айыл чарба өндүрүүсүнүн өсүшү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртты
Мамлекет январь айындагы акыркы орундан февраль айында ЕАЭС өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунга көтөрүлдү.
2024-жылдын январь айынан февраль айына чейинки мезгилде Казахстанда айыл чарба өндүрүшү 3,2%га, Кыргызстанда 2,1%га өстү. Ошол эле учурда Россияда 1,7% жана Беларуссияда 1,2%га өскөн. Армения боюнча маалымат берилген эмес.
ЕАЭС өлкөлөрүнүн орточо өсүшү 1,8%ды түздү.Эксперттер жана бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн айыл чарба финансырлоосун көбөйтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана продукт контрабандасы менен күрөшүү керектигин баса белгилешет.
Башкы беттеги сүрөт: Sputnik / Ертай Сарбасов.
			
			Обсудим?
		
	
	Смотрите также:
	