КРда пестициддерди импорттоо үчүн жеткирүүчүлөр бир жолку лицензия алышы керек
Кыргызстанда үчүнчү өлкөлөрдөн пестициддерди импорттоо үчүн жаңы талаптар коюлду: жеткирүүчүлөр бир жолку лицензия алышы керек.
Бул үчүн алар "Tulpar System" маалымат системасы аркылуу ишкердик борборунда арыз бериш керек. Арыз суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмүнө жөнөтүлөт (http://swis.trade.kg).
КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмү эксперттик бүтүм берет.
Алынган бүтүм "Бирдиктүү терезе" системасы аркылуу экономика жана коммерция министрлигине өткөрүлөт, ал документтин негизинде пестициддерди импорттоо үчүн бир жолку лицензия берилет.
Лицензия катталган өсүмдүктү коргоо каражаттары үчүн гана берилет, Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылдын 21-апрель күнү № 30 "Нетарифтик жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине ылайык.
Обсудим?
Смотрите также: