РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Өкмөт криптобиржалар үчүн уставдык капиталдын көбөйүшүнүн мөөнөтүн кыскартууну сунуштады
Экономика

Өкмөт криптобиржалар үчүн уставдык капиталдын көбөйүшүнүн мөөнөтүн кыскартууну сунуштады

191
Өкмөт криптовалюта биржалары үчүн уставдык капиталды көбөйтүү мөөнөттөрүн тездетүүгө мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү токтомго сунуш кылды.

Бүгүн талкууга коюлган жаңы долбоорго ылайык, криптовалюта жана башка виртуалдык активдердин айланышын жөнгө салган өзгөртүүлөр мурда күтүлгөндөн эртерээк — 2025-жылдын 1-юнунда күчүнө кириши мүмкүн, ал эми мурда белгиленген мөөнөт 2026-жылдын 1-январи эле.

Белгилей кетсек, мурда өкмөт криптобиржалар 2026-жылдын башына чейин уставдык капиталын 10 эсеге арттырышы керектиги жөнүндөгү чечим кабыл алган.

Эми криптобиржалар үчүн минималдуу уставдык капитал 100 миллион сомдон 10 миллиард сомго көбөйтүлдү.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК