РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » КРда "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоонун" долбоору башталды
Экономика

КРда "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоонун" долбоору башталды

265


2025-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" аттуу жаңы долбоор ишке кирет.

Бул долбоордун негизги максаты - майда товар өндүрүүнү калыптандырууга жардам берүү жана мамлекеттик жардамды бириккен товар өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары аркылуу сунуштоо.

Долбоор беш жылга созулат, каржылоо республикалык бюджеттен жана "Айыл Банкы" менен "Элдик Банк" тарабынан жүргүзүлөт.

Мал чарбачылыгы жана айыл чарба тармагында иштеген товар өндүрүүчүлөр үчүн 25 миллион сомго чейин 6% жылдык үстөк менен 60 айга насыя берилип жатат.

Товар өндүрүүчүлөр менен кластердик бирикмелерди уюштурган кайра иштетүү секторунун ишканалары 150 миллион сомго чейин 6% жылдык үстөк менен 60 айга насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Андан тышкары, жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды (мисалы, тамчы суу) колдонгон, ачык талаадагы курулуш, айыл чарба техникасы жана жаныбарлар үчүн лизинг менен шугулданган, ошондой эле машинно-трактордук станцияларды (МТС) түзгөн чарбалар 50 миллион сомго чейин 6% жылдык үстөк менен 60 айга насыя алууга үмүттөнө алышат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК