Кыргызстан жана Китай 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү $45 миллиардга чейин жогорулатууну пландаштырууда
Жолугушууда биыл февралда президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик визити учурунда жетишилген макулдашуулардын актуалдуулугу талкууланды. Анда Кыргызстандын Кытай менен соода жүгүртүүнү 2030-жылы $45 миллиардга чейин көбөйтүү планы боюнча 20дан ашык эки тараптуу документтерге кол коюлган.
Тараптар ошондой эле мамлекеттик чек арадагы «Бедель» көзөмөл-өткөрмө пунктунун курулушун тездетүү жана Барскоон — Бедель — Учтурфан — Аксу жолун куруу зарылдыгына көңүл бурду.
Кытай Кыргызстанга «Бедель» КППсын куруу үчүн $41,408 миллион грант берерин белгилеп өтүү маанилүү.
Мындан тышкары, «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө пункттарын модернизациялоо маселеси да талкууланды, бул эки мамлекеттин ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Ма Синжуй Кытайдын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүүү боюнча ниеттерин белгилеп, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.
Ошондой эле Урумчи — Ош жана Кашгар — Ош каттамдары боюнча жаңы авиарейстерди ачуу пландары талкууланды. Кошумча авиарейстерди ачуу соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык кызматташтыкка жардам берет.
Жолугушуунун натыйжасында Кыргызстандын жана СУАРдын ортосунда мурдагы макулдашууларды мүмкүн болушунча ыкчам ишке ашыруу үчүн эффективдүү өз ара аракеттенүү механизмин түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Обсудим?
Смотрите также: