Эмомали Рахмон Россияны расмий визит менен зыярат кылат
Эмомали Рахмон жана Владимир Путин // Архивдик сүрөт
Визиттин алкагында, Кремлдин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, лидерлер эки өлкөнүн Россия-Тажикстан мамилелеринин келечегин талкуулап, стратегиялык өнөктөштүк, соода жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле гуманитардык тармак маселелерине көңүл бурат. Мындан тышкары, маанилүү аймактык суроолор боюнча пикир алмашуу пландалууда.
Ошондой эле, Путин жана Рахмон видеоконференция аркылуу таланттуу балдар үчүн Эл аралык билим берүү борборунун жана В.Маяковский атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын курулушунун башталышына арналган аземге катышат.
Жолугушуу учурунда бир нече эки тараптуу келишимдерди кол қоюу пландаштырылууда.
Обсудим?
Смотрите также: