РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » Британияда мунай танкерине урунган кеме капитаны камакка алынды
Дүйнөдө

Британияда мунай танкерине урунган кеме капитаны камакка алынды

88
Британияда мунай танкерине урунган кеме капитаны камакка алынды

Solong жүк кемесиндеги өрттү өчүрүү учуру
Полициянын маалыматтарына ылайык, камакка алуу операциясы Solong контейнер кемесинин жоголгон экипаж мүчөсүн издөө иштеринин аяктоосунан кийин жасалган.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча 10:00 чамасында болгон, ошол учурда Solong контейнер кемеси MC Stena Immaculate танкерине урунган. The Mirror маалыматтары боюнча, АКШнын желегинде катталган танкер жана Португалиянын желегинде жүзгөн контейнер кеме апаатка кабылып, натыйжада 32 адам жабыркап, бирөө өлгөн. Окуянын кесепетинен эки кеме да отко оролгон жана танкерде Jet-A1 авиация отуну болгон. Танкерди ташып жаткан Crowley америкалык логистика компаниясы, урунуштан кийин авиация отунунун агып чыкканын тастыктады.

Буга чейин британдык медиа, Lloyd's List Intelligence маалымат кызматына шилтеме берди, Solong кемесинде уулуу натрий цианидинин 15 контейнери бар экенин билдирген. Бирок 11-мартта кеменин ээлери бул маалыматты четке каккан. Улук Британиянын транспорт министринин орун басары Майк Кейн, контейнер кемесинин «кайрадан жүзбөй калуусу мүмкүн» экенин белгиледи.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК