Трамп Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү
Иллюстративдик сүрөт
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Украина лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу байланышкан.
Зеленскийдин кеңешчиси Дмитрий Литвиндин маалыматына ылайык, сүйлөшүүдө өткөн убакыт болжол менен бир саат болгон.
Трамп бул сүйлөшүүнү ийгиликтүү деп эсептейт.
«Мен Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүнү жаңы эле аякаладым. Сүйлөшүү жогору деңгээлде өттү. Ал Владимир Путин сыяктуу эле тынчтыкка умтулууда. Биз согушка байланыштуу көптөгөн маселелерди, жума күнү Мюнхенде болуп өтө турган жолугушуубуздун алдында Венс жана Рубио кармануучу жыйындын өтүшү тууралуу айтып өттүк. Мен бул жыйындын оң натыйжаларын күтүп жатам. Бул акылга сыйбаган согушту токтотуу үчүн убакыт келди, жашоолорго коркунуч туудуруп, талкалууда. Кудай Россия жана Украина элдерин куткара көрсүн!», - деп жазган Трамп өзүдүн Truth соцтерминалындагы аккаунтунда.
Зеленский сүйлөшүүнү комментарийлеп, Трамп Путин менен сүйлөшүүлөрүнүн маалыматтарын бөлүшкөнүн белгиледи.
«Узун сүйлөшүү. Биз тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн жана командалар деңгэлде биргелешкен иштөө үчүн даярдыгыбызды талкууладык. Дрондор жана заманбап өндүрүштөрдү камтыган технологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү сүйлөшүүлөргө коштук. Ошондой эле Скотт Бессент менен болгон сүйлөшүүбүз тууралуу жана коопсуздук жана экономикалык өз ара аракеттенишүү боюнча жаңы макулдашуу даярдоонун үстүндө иштедик. Президент Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн деталдарын билгизип берди», - деди Украина президенти.
«Украина тынчтыкка бардык учурдан мурда умтулат. Биз россиялык агрессияны токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Америка менен биргелешкен кадамдарды аныктап жатабыз. Президент Трамп айткандай, let's get it done. Биз мындан аркы байланыштар жана жолугушуулар боюнча макулдаштык», - деп кошумчалады Зеленский.
Обсудим?
Смотрите также: