Жогорку Рада Украинадагы аскердик абал менен мобилизацияны узартты

Иллюстративдик сүрөт
Аскердик абалды узартууда 357 элдик депутат колдосо, мобилизацияны улантууга 346 парламент мүчөсү добуш берди.
«РБК-Украина» маалыматына караганда, болгону бир депутат, Алексей Гончаренко «Европалык биримдик» партиясынан, өзүнүн макул эместигин билдирген.
Эскерте кетсек, бул чараларды узартуу боюнча мыйзам долбоорлору Украина президенти Владимир Зеленский тарабынан 15-апрелде сунушталган. Бул өлкөдөгү аскердик абал менен жалпы мобилизациянын 15-рет узартышы болуп жатат.
Обсудим?
Смотрите также: