РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » Монголия жана Хорватия саясаттык консультациялык жолугушуу өткөрдү
Дүйнөдө

Монголия жана Хорватия саясаттык консультациялык жолугушуу өткөрдү

87
Монголия жана Хорватия саясаттык консультациялык жолугушуу өткөрдү

Жиында делегациялар Монголиянын жана Хорватиянын узак мөөнөттүү стратегиялары жана өнүгүү максаттары боюнча пикир алышты. Тараптар соода жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле билим берүү, туристтик кызматтар жана токой чарбасы тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулашты.



Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Бириккен Улуттар Уюму жана башка Эл аралык уюмдар алкагында биргелешип иш алып барууга даярдыктарын көрсөтүштү. Ошондой эле эл аралык жана региондук маанилүү маселелер талкууланды.

Иш-чаранын төрагалары: Монголиядан - мамлекеттик катчы Мөнхтушиг Лханаажав, ал эми Хорватиядан - саясат боюнча мамлекеттик катчы Франо Матушич.


Монголия менен Хорватия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 10-мартында орнотулган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК