РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » Тажикстанда жер титирөөсүнөн баланын өмүрү кыйылды, 29 үй талкаланды
Дүйнөдө

Тажикстанда жер титирөөсүнөн баланын өмүрү кыйылды, 29 үй талкаланды

294

Тажикстанда 13-апрелде жер титирөөлөрдүн сериясы болуп өттү.

РТ Улуттук илимдер академиясынын Геофизикалык кызматынын маалыматына ылайык, алардын бири 5.9 магнитудага ээ болуп, 09:24тө катталган. Эпицентри Душанбе шаарынан 160 чакырымдай түндүк-чыгышта, Рашт районунан 21 чакырымга чыгышта жайгашкан. Мамлекеттин борборунда жаратылыш кырсыгы 3 баллдык күч менен сезилди.

Куткаруу иштеринин комитетинен (КЧС) кабарлашкандай, жер титирөөдөн Уштурпаст айылында 3 жаштагы бала үйдүн кулаган дубалынан көз жумду.

Рашт районунда, Сафедкунда, Гулхани, Кул жана Аскалон айылдарында 17 турак үйдүн жабыркашы, ошондой эле Гулхани айылындагы мектептин имаратына зыян келген.

Тажикабад районунда, Кул, Бустон, Анвар Каландаров жана Ганишоб айылдарында 12 үй жана чарба имараттарынын бир бөлүгү талкаланды.

Ошол күнү, 12:14 жана 13:33тө 4 жана 3 магнитудадагы кайталанма жер титирөөлөр болгон, алар дагы Рашт районунун түндүк-чыгышында катталган, бирок Душанбенин тургундары аларды сезишкен жок.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК