РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » "Мен жашашым керек" долбоору: Украинада Орусия менен контракт боюнча согушкан ондорчо кыргызстандык каза болду
Дүйнөдө

"Мен жашашым керек" долбоору: Украинада Орусия менен контракт боюнча согушкан ондорчо кыргызстандык каза болду

170
"Мен жашашым керек" долбоорунун берген маалыматына ылайык, Россиянын Коргоо министрлыгы менен контракт түзгөн жана Украинада согуштук аракеттерге катышып жаткан 360 кыргыз жараны аныкталды.

Берилген тизмедеги маалыматтар толук эмес экендиги белгиленет, наемниктердин актуалдуу саны Кыргызстанда кыйла көп болушу мүмкүн.

Долбоордун маалыматтарына ылайык, тизмедеги эң жаш катышуучу - 18 жашта, ал куракка жеткенден кийин дароо контракт түзгөн. Эң улуусу - 63 жашта.

Ошондой эле, аталган тизмедеги кеминде 38 кыргызстандык каза болгону маалымдалууда. Кээ бир учурларда так даталар жана жерлер көрсөтүлгөн. Мисалы, бир жаран контрактты түзгөндөн кийин болгону 12 күндөн кийин каза болгон.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК