РУС
Акыркы жаңылыктар » Дүйнөдө » Трамп көпчүлүк өлкөлөр үчүн бажы салыктарын убактылуу токтотту. Ал эми Кытай үчүн 125% га көтөрдү
Дүйнөдө

Трамп көпчүлүк өлкөлөр үчүн бажы салыктарын убактылуу токтотту. Ал эми Кытай үчүн 125% га көтөрдү

233
Трамп 9-апрелде Truth Socialдогу аккаунтунда, үч ай бою жооп чараларын көрбөгөн өлкөлөр үчүн 10% га төмөндөтүлгөн тариф иштейт деп билдирди. Анын айтуусунда, 75тен ашуун мамлекет Америкага соода боюнча сүйлөшүүгө чакырып кайрылышкан жана Вашингтондун аракеттерине жооп берген жок. Бирок, кайсы өлкөлөр бажы салыктарын убактылуу токтотоорун тактаган жок, DW агенттиги маалымдады.

Кытай үчүн бажы салыктары 125% га көтөрүлдү

Трамп ошондой эле Кытайдан импорттун бажы салыктарын 125% га, мурунку 104% дан көтөргөнүн жарыялады. Ал Пекинди дүйнөлүк рынокторго кайдыгерлик көрсөтүп жаткандыгында айыптап, Кытай өз аракеттеринин мындан ары колдоого алынбай турганын түшүнөт деп үмүттөндү.

Бул чаралар дароо күчүнө кирет, деп баса белгиледи АКШнын президенти.

Мурда, 4-апрелде Трамп көпчүлүк өлкөлөр үчүн масштабдуу бажы салыктарын киргизүүнү жарыялаган жана бул дүйнөдөгү саясатчылар жана экономисттер тарабынан кескин сынга алынган. Каржы рыноктору бул соода жаңжалдарына жооп катары көрсөткөн индекстердин кескин төмөндөшү менен жооп беришкен, ал эми нефтьнин баалары катуу төмөндөгөн. Бул керектөө бааларынын көтөрүлүшүнө жана дүйнө жүзүндө экономикалык өсүүнүн токтоп калуусуна алып келет деп күтүлүүдө.

dpa агенттигинин маалыматы боюнча, Трамптын көпчүлүк мамлекеттер үчүн жаңы бажы салыктарын киргизүү чечими анын соода саясатынын эң агрессивдүү кадамдардын бири болуп, бул катуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай кадамдарга жооп катары, Кытай жана башка бир нече өлкөлөр ушуга окшош чараларды киргизүүнү жарыялашкан. Пекин 84% га бажы салыктарын киргизүүнү пландап жатат, ал эми Европа Биримдиги 9-апрелде этап-этабы менен ишке ашырылатын жооп чараларын макулдашкан.
Башкы беттеги сүрөт: Mark Ralston/AFP.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК