АКШ башка өлкөлөрдөн импортко бажы алымдарын киргизди

2-апрелде Ак Үйдүн Розовая бакчасында АКШ президенти Дональд Трамп импорттолгон товарларга жаңы бажы тарифтерин киргизүү тууралуу расмий жарыяламасын жасады. Өзүнүн билдирүүсүндө ал: «Бүгүн биз боштондук күнүн белгилеп жатабыз. Бул күн Америка тарыхында маанилүү окуя болуп, биздин экономикалык көз карандысыздыгыбыздын символу болот. Биз өлкөбүз үчүн чоң жана гүлдөгөн келечекти калыбына келтиребиз. 50 жылдан ашык убакыт бою биздин экономикабызды пайдаланып келишет. Бул акыры токтойт»,-деп билдирген Би-Би-Си.
Трамп өлкөгө киргизилген бардык товарларга 10% негизги бажы алымын белгилеп, айрым өлкөлөр үчүн жогору тарифтерди киргизди: Кытайга 34%, Европалык Союз өлкөлөрүнө 20%, Японияга 24% жана Индияга 26%. Бардык өлкөлөр үчүн жалпы бажы 5-апрелден тарта күчүнө кирет, ал эми жогорулатылган тарифтер 9-апрелде ишке кирет.
Бул жарыяланган тизмеде 183 өлкө жана Европалык Союз бар, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан. Бул тизмеде 10% дан төмөн тарифтер жок.
Бул чаралар дүйнөлүк каржы рынктарына байкалаarлык таасирин тийгизди. Маалыматка ылайык, Азия фондулук индекстеринин төмөндөшү башталды: жапондук Nikkei 225 2.9% төшүп, түштүк кореялык Kospi 1.5%, гонконгдук Hang Seng 1.4%, австралиялык ASX 200 1.3% төмөндөгөн. АКШнын S&P 500 жана Dow Jones индекстеринин фьючерстери да 3% жана 2% төмөндөдү, бул инвесторлордун бул жаңы тарифтердин дүйнөлүк экономикага тийгизе турган таасирине деген тынчсыздануусун көрсөтөт.
Көптөгөн өлкөлөр нааразычылыгын билдирип, жооп чараларды кабыл алууну пландашты. Reuters агенттиги билдиргендей, Кытай тарифтерди четке кагып, жооп чараларын колдонууну убада берген. Япония камдануу билдирип, өлкөсүн жогорулатылган тарифтерден четтетүүнү сурады. Канада да мурунку аракеттердин негизинде кабыл алынган тарифтердин катуу контр чараларга даяр экенин билдирген.
Адистер мындай аракеттер соода конфликттерин күчөтүп, дүйнөлүк экономиканын өсүшүн төмөндөтүп, инфляцияны жогорулатуу коркунучун жаратат деп эскертүүдө. Жаңы тарифтер эл аралык соода мамилелерине чоң таасир көрсөтүп, учурдагы келишимдерди кайра карап чыгууга муктаж болот деп күтүлүүдө.
Обсудим?
Смотрите также: