РУС
Акыркы жаңылыктар » Ден соолук » Токмокто 3 жаштагы кыз дары менен ууланды
Ден соолук

Токмокто 3 жаштагы кыз дары менен ууланды

32
Чүй облусунда, Токмок шаарында 3 жаштагы кыздын дары-дармек менен уулануу учур болгон.

Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнө караганда, окуя жакында болгон.

Токмоктун жалпы дарыгердик практика борборунда баланын госпитализацияланганын тастыкташты. 2022-жылы төрөлгөн М.С.Р. медиктер тарабынан кароодон өтүп, кыска убакыттан кийин үйүнө чыгарылган. Дарыгерлер анын дары-дармек менен ууланганын диагноз койгон.

Кыздын абалы туруктуу деп бааланууда.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК