РУС
Акыркы жаңылыктар » Ден соолук » Свердлов районунда социалдык мааниси бар оорулар боюнча комиссиянын жыйыны өттү
Ден соолук

Свердлов районунда социалдык мааниси бар оорулар боюнча комиссиянын жыйыны өттү

380
Свердлов районунда, №67 мектепте, социалдык мааниси бар оорулар боюнча көп секторлуу координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү, шаардык мэрия билдирет.

Күн тартибинде кызамык учурларынын көбөйүшүнө себеп болгон факторлор, ошондой эле жаштар арасында ВПЧга каршы вакцинация, диабет менен жашагандар үчүн туура тамактануу боюнча профилактика чаралары талкууланды.

Жыйында мектеп директорлору, саламаттык сактоо кызматкерлери жана жергиликтүү билим берүү мекемелеринин ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын аягында ата-энелер үчүн кызамык жана башка оорулардын профилактикасына арналган онлайн квиз оюну уюштурулду.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК