Билим министрлиги: Бул жылы жаңы муундагы 46 аталыштагы окуу китептери чыгарылат
«Биз мурун колдонулган бардык окуу китептеринин анализин жүргүздүк. Сентябрда мектеп окуучулары жаңы окуу материалдарын алат, анын ичинде химия, биология, физика жана англий тили боюнча предметтер. Алгач англий тили боюнча окуу китептери «Учкун» басмаканасынан басылып чыгарылат. Биз бул окуу китептеринин мазмунун көзөмөлдөйбүз. Заказды бергенде мектептердеги окуучулардын санын эске алабыз. Окуу китептери базарларда сатууга берилбейт, балдар тараптан символикалык суммадагы акы төлөнөт, ал эми 50% окуучулар бул акыдан бошотулат», - деп кошумчалады.
Кендирбаева жаңы окуу китептеринин жалпы тиражы 2,5 миллион экземпляр болорун белгиледи. Алгач жаңы материалдар биринчи, төртүнчү жана алтынчы класстагы окуучуларга берилет.
Обсудим?
Смотрите также: