РУС
Акыркы жаңылыктар » Билим берүү » Депутат 12-жылдык билим берүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнү сунуштады
Билим берүү

Депутат 12-жылдык билим берүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнү сунуштады

376
Парламенттин жыйынында 5-мартта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө даярдыктын жетишсиз экенин билдирди, окуу китептеринин, стандарттардын жоктугуна жана бул багытта эч кандай иш-аракеттин жүргүзүлбөгөнүнө көңүл бурду.

«Кантип жаңы форматка өтсө болот? Соңку эки жылда бул кадамды жасоо алигиче мүмкүн болбой жатат. Бул үчүн этап-этабы менен даярдык керек. Мисалы, мен аймактарда адамдар 10 жылдык билим берүүгө даярбы, суроосун өткөрүүнү сунуштагам. Бирок андан кийин сиз муну дезинформация деп, ал эми мен консерватор экенимди жазасыз», - деди ал.

Талиева, билим берүү тармагындагы консерватор болуп эсептелгенине сыймыктанды.

«Бул өтө сезимтал тема. Дүйнөлүк практикаларда мамлекетти бузуу үчүн согуш керек эмес, билим берүү системасын талкалоо жетиштүү. Ошондуктан, бул маселеге этияттык менен мамиле кылуу керек. Серьездуу даярдык керек. Мен айрым мектептерде жана райондордо пилоттук долбоор менен баштоону сунуштайм. Менин позициям өзгөрбөйт — мен 12 жылдык билим берүүгө каршы», - деп кошумчалады депутат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК