Бишкектин №14 мектебинде жогорку класстын окуучулары менен Армиянын ардагерлери, согуштардын катышуучуларынын жолугуусу өттү
Бул иш-чара эки маанилүү датага, 15-февралда, биз Афганистанда каза болгон жоокерлерди эске алганда, жана 23-февралда, Ата-Мекендин коргоочуларынын күнүнө арналган.
Чакырылган коноктордун арасында генерал-майор Асанбек Алымкожоев жана полковник Сатыбек Молдалиев болушту.
Жолугуу документалдык фильмди көрүү менен башталды, анда Афганистандагы согуш окуялары баяндалды. Андан соң сөз алган генерал Асанбек Алымкожоев, «Кызыл Жылдыз» жана «Манас» орденинин 3 жана 2 даражасын алган. Ал Советтердин Афганистанга кирүүсүнүн себептери, өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткарган жоокерлердин жана сержанттардын эрдиктери жөнүндө кенен айтып берди. Өз сөзүн жыйынтыктап, генерал жогорку класстын окуучуларын мектептеги рэкет жана буллинг сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.
Кийин сөз алган полковник Сатыбек Молдалиев, Баткен окуяларынын ардагери жана 3 даражадагы «Манас» орденинин кавалери, ошондой эле белгилүү 8-чи мотострелковая Панфиловдук дивизиянын мурдагы командири. Ал ар бир мектеп окуучусу өз Отанына сүйүү менен, ошол үчүн өз элинин кызыкчылыгы үчүн курмандыктарга жана каармандыктарга даяр болушу керек экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында Октябрь райондук аскер комиссариатынын өкүлү аскерге кабыл алуунун биринчи стадиясынын күбөлүктөрүн тапшырды.
Обсудим?
Смотрите также: